Исхак Масалиев Кумтөрдү текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев учурда комиссия эч кандай иш алып барбай жатканын билдирди
Бүгүн депутат Жеңишбек Токторбаев Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишине кызыкты.
- Жакында Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүп, анын төрагалыгына Исхак Масалиевди шайладык, - деп элдин тандоосу эске салды. - Кандай иштер аткарылып жатат? Алдын ала жыйынтыктар барбы? Алтын өндүрүүчү компаниянын иши тууралуу маалымат бере кетели.
Өз кезегинде спикер Нурланбек Шакиев азырынча эч кандай иш жүргүзүлбөгөнүн түшүндүрдү.
«Исхак Масалиев ден соолугуна байланыштуу депутаттык комиссиянын төрагалыгынан кетүү боюнча менин атыма арыз жазган», - деди төрага. «Ошондуктан, учурда эч кандай иш жүргүзүлбөй жатат.
Ислам Жолдошов
сүрөт www