Бишкектеги №67 мектеп-гимназияда милиция кызматкерлери бомба издеп жатат (фото)
Окуучулар эвакуацияланып,окуу жайдын аймагы курчоого алынган
Борбор калаадагы №67 мектеп-гимназиясында милиция кызматкерлери бомба издеп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Аталган башкармалык 102 кызматына чакыруу саат 14.40тар чамасында түшкөнүн тактады.
- Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Бишкек ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу дароо ошол жерге жөнөп кетишти, - деп билдиришти милициядан. — Мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар эвакуацияланды.
Учурда Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери жана саперлору келип, тиешелүү атайын иш-чараларды өткөрүп жатышат.
Ал ортодо борбор калаанын мэриясы №62 мектептин электрондук дарегине No67 мектепке мина коюлганы боюнча билдирүү түшкөнүн билдирди.
Бул факты боюнча мектеп жетекчилиги дароо милицияга кабарлаган.
Сүрөт www