Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз

Атайын кызмат алар парламентарийдин үйүнө үн жаздыруучу жабдыктарды орнотууга тиешеси жок экенине, атүгүл текшерүүгө да даяр экенине ишендирүүдө

30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин УКМК текшерүү жүргүзгөн.

Акаевде депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио/видео жаздыруучу аппарат качан табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү техниканын өзүн көргөн эмес. Бул фактыны ал КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Жамгырчиевдин өзүнөн телефон аркылуу алган жардамчысы – Э.Кадыровдун сөзүнөн билдирди.

Учурда депутат Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз.

Ошол эле учурда УКМК аудио/видео жазуу жабдуулары табылган учурда бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана демилгечисин аныктоо, ошондой эле аларды коргоо максатында текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирет депутат Жамгырчиевдин талапташтары.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх