Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Атазов прокурорлордун аракетине кыжырданууда

Парламентарий укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үстүнөн арыз-доомат айтаары менен түшкү тамактан кийин суракка чакырылганын айтты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов парламенттин депутатынын конституциялык укугу бузулуп жатканына нааразы болду.

«Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз, бизде Конституция жана башка мыйзамдар бар», - деп элдин тандоосу эске салды. «Ошентсе да бизге шайлоочуларыбыздан прокурорлордун үстүнөн арыздар түшүп жатат. Кечээ мен бул маалыматты парламенттин трибунасында айттым. Түшкү тамактан кийин ЖКнын имаратына прокуратуранын үч кызматкери суракка чакыруу менен келишти. Депутатка чакыруу кагазы берилгени эмес, элдин тандоосу боюнча конституциялык укугу бузулуп жатканы кейиштүү. Көзөмөл органынын кызматкерлеринин аракети канчалык деңгээлде мыйзамдуу?

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх