УКМК Адахан Мадумаровдун кеңешчиси жана жардамчысына кылмыш ишин козгоду (фото)
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын үч мүчөсү эмгек китепчесине жалган маалымат көрсөтүп, ЖКга мыйзамсыз орношкон
УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактысын аныктады.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кызматка орношууда жасалма эмгек китепчелерин колдонуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековнага жана аталган фракциянын катчылыгынын эксперти 1994-жылы туулган Алибаева Айгерим Абдижалиловна, жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азамат жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарга ишке орношуу үчүн эмгек китепчесине жалган маалыматтарды көрсөткөнүн аныкташкан.
Бул факты боюнча УКМК Кулмурзаева, Алибаева жана Муратбек уулуна кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүргүзүлдү.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Алибаева менен Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазышкан.
Кулмурзаева Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ээлеген кызматынан бошотулган.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www