Бишкектин көчөлөрүндө бак-дарактарды санитардык бутоо иштери жүрүүдө (фото)
Мэрия шаар тургундарына жашыл мейкиндиктерге кам көрүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашыл аянттарга жана ирригациялык тармактарга кам көрүүнү улантууда.
Дем алыш күндөрү бак-дарактарды санитардык бутоо, авариялык жана куурап калган дарактарды алуу, сугат тармактарын тазалоо, ошондой эле түшкөн жалбырактарды тазалоо иштерин өткөрдүк.
Горький көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин, Манас жана Тынчтык проспектилери Ормон-Хан көчөсүнөн Мамлекеттик резиденцияга чейин, Ибраимов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, 7-апрель көчөсү Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин, Анкара көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин санитардык бутоо иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу шаардыктар! Жашылдандырууга байланыштуу кайрылууңуздарды 37-53-30, 0504210600 телефондоруна калтырсаңыздар болот.
Мэрия Бишкек