Бишкек шаарында 11 500 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат
Райондун акимдери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү
Эл аралык майыптар күнүндө төрт райондун жетекчилиги үй-бүлөлөргө барып, белектерин тапшырып, материалдык жардам көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, шаардык социалдык өнүктүрүү тармагында 11500 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат, анын ичинде:
- Советтик Армиянын 100 инвалидине;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон 107 адам, Советтик Армиянын майыптары, майып-интернационалисттер, майыптык тобу менен тыл эмгек-чилери;
- жалпы 1528 майып (I, II, III топтогу);
-2596 көрүүсү жана угуусу начар;
- 3800 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки жана андан улуулар;
- 3336 бала кезинен майыптар;
- 33 интернационалист майыптар (Афганистан).
Борбор калаанын мэриясы даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча тынымсыз иш алып барууда.
Бишкек мэриясы