Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев Москвадагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду.

Төрага ЖККУга мүчө-өлкөлөрдөгү кесиптештери менен бирге Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерди

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясына болгон иш сапары Александр бакчасындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу менен башталды.


Төрага ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим кылды.


Эске салсак, бүгүн Москвада ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт. Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү ЖК
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх