Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев: Экс-президенттердин макамы боюнча жаңы мыйзам долбооруна мурдагы мамлекет башчылар киреби?

Жеңишбек Токторбаев мыйзамдын артка күчү жок, ошондуктан ал келечектеги экс-президенттерге гана тиешелүү экенин түшүндүрдү

Бүгүн вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында “Президенттин ишмердүүлүгү жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо Мурдагы мамлекет башчылар бул мыйзамдын астында калабы деп сурады.

- Бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, мурдагы президенттер бул мыйзамдын астында калабы? – деп спикер, депутат Жеңишбек Токторбаевге кайрылды. Же келечектеги экс-президенттерге гана тиешелүү болобу?

Өз кезегинде эл өкүлү жаңы мыйзам долбооруна болочок экс-мамлекет башчылары кирет деп түшүндүрдү.

«Жок, азыркы экс-президенттер бул мыйзам долбооруна камтылган эмес», - деп түшүндүрдү ал. - Мыйзам артка карай колдонулбайт. Ошондуктан мыйзам долбоорун кабыл алсак, келечектеги экс-президенттерге тиешелүү болот.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх