"Маалыматтарды дүңгүрөтүп таштоо туура эмес." КР Экономика министрлиги банктык сыр деген түшүнүктү жокко чыгарууну сунуштады
Салык кызматы банктык операциялар жана депозиттер боюнча бардык маалыматты жөнөкөй суроо-талап боюнча ала алат
Банктык депозиттер жана операциялар боюнча маалыматты массалык түрдө берүү туура эмес. Экономист Жон Жапаркулов Экономика жана коммерция министрлигинин мыйзам чыгаруу демилгесине, анын ичинде Салык кызматына бардык банктык маалыматтарды кылмыш ишин козгобостон, суроо-талап боюнча берүүнү камтыган мыйзам долбоору боюнча мындай пикирин билдирди.
- Банктык сыр деген түшүнүктүн себеби бар, - деди ал. - Албетте, кылмыш ишин козгогондо банк конкреттүү жеке же юридикалык жак боюнча маалымат бериши керек. Ал эми Салык кызматына массалык маалымат берүү туура эмес. Бул бир катар мыйзамдардын бузулушу гана эмес, купуя маалыматтын сыртка чыгып кетүү коркунучу жогору жана ага жараша аманатчылар, салык төлөөчүлөр, бизнес сектору үчүн коркунучтар пайда болот.
Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыккан.
Кыргызстандын банктар ассоциациясы долбоорду этияттык менен кабыл алды. Банк сектору жана бизнес-коомчулук тарабынан сунушталган көптөгөн сунуштар этибарга алынбай, тиешелүү коркунучтар жана тобокелдиктер, анын ичинде банк операциялары жана депозиттери боюнча жашыруун маалыматтардын чыгып кетүү коркунучу эске алынбай калганы белгилүү болду.
Михаил Готфрид
Сүрөт www