Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев Сооронбай Жээнбековду артыкчылыктардан ажыратууну сунуштады

Парламентарий белгилегендей, мыйзам артка карай күчкө ээ болгондон кийин муну бардык экс-президенттерге карата колдонуу адилеттүү болмок

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда мыйзамдын артка карай колдонулушун караштырууну сунуштады.

«Мыйзам долбоору жакшы жана кызыктуу, бирок анын келечектеги экс-президенттерге гана тиешелүү экендиги такыр туура эмес», - деди ал спикерге. - Кезинде Сооронбай Жээнбеков Атамбаевден өч алуу максатында ЖК аркылуу макамынан ажыратууну ишке ашырган. Жашоо бул бумеранг. Ал эми Сооронбай Жээнбеков мыйзамдын артка карай күчүн сезиши керек. Бул келечектеги президенттерге да сабак болмок. Менин сунушум колдоого алынабы, билбейм, бирок адилеттүү болмок деп ойлойм.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх