Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ Жээнбек Кулубаев АКШнын КРдагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты

2022-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Элчиси Лесли Вигериден Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев Элчи Л.Вигерини кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелердин мындан ары активдешүүсүнө ишенимин билдирди. АКШнын Элчиси өз кезегинде Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого даярдыгы тууралуу маалымдады.


Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында да, аймактык платформаларда да, анын ичинде «Борбордук Азия+АКШ» форматындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкууланды.

Тараптар ошондой эле аймактык коопсуздук жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине токтолушту.


Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Элчиге өзүнүн дипломатиялык миссиясын аткарууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экениндигине ишендирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри АКШнын Элчисине эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөдөгү жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

КРнын ТИМ маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх