Бишкекте Бакиевдин үйүнүн ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду (фото)
"Имарат бүттү, жакында ачылат"
Бишкекте качкын президент Курманбек Бакиевдин хан сарайынын ордуна Жибек Жолу проспектисинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мамлекет башчынын административдик бөлүмүнөн билдиришти.
«Бакиевдердин особняктары турган жерди алып коюшуп, өздөрүнө үй салып жатышат» деген кептер көп болду, - деп белгилешти алар. Биз сизге натыйжаны жакында көрсөтөбүз. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбордун имараты курулуп бүтүп, жакында ачылат. Мекеме 100 орунга ылайыкталган.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз