Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чыгармачыл адамдарды мындай абалга алып келгени мамлекет үчүн уят». Жазуучулар союзу коммуналдык төлөмдөрдү төлөө боюнча марафон өткөрөт

Чолпон Султанбекованын айтымында. коомдун маданий элитасынын кейиштүү абалы бүткүл дүйнөнүн алдында өлкөнүн абийирине шек келтирүүдө

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Жазуучулар союзу коммуналдык карызды төлөө үчүн акча чогултуу максатында марафон өткөрүп жатканын билдирди.

«Эртең Жазуучулар союзу коммуналдык кызматтарга болгон карызды жабуу үчүн акча чогултуу боюнча марафон өткөрөт», - деп билдирди парламентарий министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге. — Бул коомдук уюмда 400 жазуучу бар. Мамлекеттен бир сом да албай, кандайдыр бир жол менен жан багып жатышат. Анткени, алар коомдун маданий элитасынын өкүлдөрү. Чыгармачыл адамдарды мындай абалга алып келгени мамлекет үчүн уят. Театрларыбызды башка мамлекеттердин эсебинен оңдоп жатканы бизге аздык кылат, азыр жазуучулар ушундай абалда. Бакыт Эргешович ушул маселени чечип бериниз. Калган дүйнө алдында уят.

Өз кезегинде Төрөбаев бул маселени чечүүгө убада берди.

— Жазуучулар союзун ким жетектейт? — деп сурады Төрөбаев. – Мен аны кабыл алам, маселени чечебиз.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх