Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл өкүлү санариптик технологиялар заманында мектеп окуучулары окуу китептерин кезектешип пайдаланып жатканына нааразы

Билим берүү министринин орун басары мектептерде китептердин жетишсиздиги курч көйгөй экенин моюнга алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев мектептерди окуу китептери менен камсыздоо маселесин көтөрдү.

«Мектептерде окуу китептери жетишсиз, бир нече окуучу бир китепти кезеги менен пайдаланат», - деп эл өкүлү билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылды. — Санариптик технологиялар өнүккөн заманда биз башталгыч класстарды окуу китептери менен камсыздай албайбыз. Бул көйгөйлөр кантип чечилет?

Жусупбекова келерки жылы окуу китептерин чыгарууга 150 миллион сом каралганын айтты.

«Туура айтасыз, азыр мектептерде китептердин жетишсиздиги курч көйгөй», - деди министрдин орун басары. - Келерки жылы мектептерге керектүү окуу китептерин чыгарууга 150 миллион сом каралган. Мен дагы санариптештирүү доорунда электрондук китептерди киргизүү керек дегенге кошулам. Бардык мектеп окуучуларын керектүү окуу китептери менен камсыз кылуу максатында кагаз китептерди да, окуу китептеринин электрондук варианттарын да басып чыгарууну пландап жатабыз.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх