Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин Бишкекке учуп келди

Россиянын президенти ЕАЭБ саммитине катышат

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Бишкекке иш сапары менен келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Кыргызстандын борборунда орус лидери Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине катышат.

Анда катышуучу өлкөлөрдүн башчылары жалпы газ рыногун түзүү жана энергетика тармагында ведомстволор аралык кеңеш түзүү, ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияны мындан ары тереңдетүү, бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү маселелерин талкуулашары күтүлүүдө. Пландалгандай, саммитте ошондой эле документтердин бүтүндөй пакети бекитилип, Биримдиктин 2023-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бекитилет.

Саммиттин алкагында Владимир Путин жалпы жыйындан тышкары эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүшү мүмкүн. Тактап айтканда, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу сүйлөшүү пландалууда.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин келе жаткан жыйыны быйыл экинчиси болот. Буга чейинки жыйын Кыргызстандын төрагалыгы алдында 27-майда видеобайланыш аркылуу өткөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх