Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкекте Жогорку ЕЭКтин жыйынтыктоочу жыйыны өтөт

Буга чейин Кыргызстандын борборуна Беларус менен Орусиянын президенттери келишкен

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынтыктоочу жыйыны өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

- Саммиттин күн тартибинде 17 маселе бар, - дешти алар. – Анын ичинде ЕАЭБ алкагында биргелешкен өнөр жай долбоорлорун уюштуруу жана каржылоо. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин бюджетинин эсебинен өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө каржылык жардам көрсөтүү бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери каралат. Ага катышуу үчүн Беларустун президенттери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин баш калаага келишти.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх