Бомба табылган жок. Бишкектеги №4 мектеп жардыруучу зат бар деген маалыматтан улам курчоого алынды
Ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, окуучулар сабакка кайтышты
Бүгүн эртең мененки саат 7:49да Бишкектин №4 орто мектебине имаратка жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу кат келип түшкөн.
Окуу жайдын жетекчилиги тез арада укук коргоо органдарына кабарлап, башка тиешелүү органдарга да кабарлаган.
Балдар жана мектеп кызматкерлери дароо эвакуацияланган. Оперативдүү-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн имарат курчоого алынган. Текшерүү бүттү - эч кандай жардыргыч зат табылган жок. Мектепте окуу процесси кайрадан жанданды.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз