Азимбек Бекназаровдун СИЗОдо кармоо мөөнөтүн кийинки жылдын 23-февралына чейин узартты
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды
Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров кеминде келерки жылдын 23-февралына чейин камакта болот. Тиешелүү чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2022-жылдын 9-декабрындагы чечими менен айыпталуучу Б.А.А.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү. 2023-жылдын 23-февралы саат 17:31ге чейин узартылып, КР Өкмөтүнө караштуу КЖКнын СИЗО-21 абагына камалды», — деп айтылат Биринчи Май сотунун пресс-релизинде.
Эске салсак, Бекназаров массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.
сүрөт www