Талас облусунда УКМК кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулду (фото)
Камчыбек Ташиев кесиптештерин куттуктап, Кыргызстандын бардык облустарында жана райондорунда аларга шарттар түзүлүп жатканын эскертти
Бүгүн, 15-декабрда УКМКнын Талас облусунун Талас райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болду.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы, УКМКнын Чек ара кызматынын директору, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Талас облусунун акими, ошондой эле улуттук коопсуздук органдары ардагерлери катышты.
Курулган имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган, иштөө шарттары талапка жооп берет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, алардын милдеттерин так аткаруусу үчүн Кыргызстандын бардык облустарында жана райондорунда шарттар түзүлүп жатканын эске салды.
УлКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү