Мейкинбек Абдалиев кесиптештерин жеке мамиле түзбөй, түтүн маселесин чечүүнүн жолун издөөгө чакырды
Парламентарий бүгүнкү күндө кадр маселеси каралбай жатканын эске салды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев кесиптештерине жекелешип кетпей, түтүн маселесин кайра чечүүнү сунуштады.
«Түтүн көйгөйү көптөн бери уланып келе жатат, мэр Абдыкадыровдун келиши менен пайда болгон жок», - деди парламентарий кесиптештерине. - Жекелик кылбай, түтүндү чечүү маселесин карайлы. Бүгүнкү күндө кадр маселеси эмес, абанын булганышын кантип азайтуу маселеси каралып жатат. Мен эки тарапты оозеки кагылышпоону суранам.
Өз кезегинде кесиптешти депутаттар Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов да колдоп, мэрди кызматтан алуу эмес, негизги маселе түтүн маселесин чечүү экенин депутаттарга эскертти.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www