Евробиримдик санариптештирүү үчүн Кыргызстанга дагы 3 миллион евро бөлөт
Бул акча Жогорку технологиялар паркындагы Инновациялык санариптик компетенция борборунун ишине жардам берет
Бүгүн, 16-декабрда Евробиримдик өлкөнүн санариптик трансформациясын колдоо үчүн Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 3 миллион евро же 270 миллион сомго жакын акча которду.
Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөктөшүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын жайылтуу үчүн 3 миллион евро өлчөмүндө грант бөлүндү. Максаты өлкөнүн киберкоопсуздугун жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу. Бул транштан түшкөн каражаттар ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат. Мындан тышкары, бюджеттик жардам электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү боюнча Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарын окутуу программалары менен коштолот.
«Жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет Кыргызстандын өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Бул секторго көрсөтүлгөн жардам Евробиримдиктин өлкөнүн өнүгүүсүн колдоо боюнча милдеттенмесин чагылдырат”, - деди Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон.
Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүктөрү
Сүрөт www