Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Казакстан менен чек арада унаа тыгыны жок

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, чек ара бекеттери туруктуу иштеп жатат

Казакстан менен чек арада унаа тыгыны жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

«Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат», - дешти алар. - 18-декабрда саат 15.00гө карата унаа тыгыны байкалган жок. Жүргүнчүлөрдөн, айдоочулардан жана жүк ташуучулардан эч кандай даттануулар болгон жок.Чек ара бекеттеринде документтерди текшерүү регламентке ылайык ар бир адамга 1-1,5 мүнөт убакытты алат. Кырдаал туруктуу”.

УКМК басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх