Ишкер ЖКда салык салуудагы өзгөрүүлөр продукциянын баасынын дагы көбүрөөк өсүшүнө алып келерин айтты
Экономика министринин орун басары бизнесмен өзгөртүүлөрдүн маңызын туура эмес түшүнгөн деп жооп берди
Бүгүн жеке ишкер Манас Карымбаев салык тармагындагы өзгөрүүлөрдү караган кеңейтилген парламенттик угууда салыктын ставкасынын жогорулашы азык-түлүк жана товарлардын кымбатташына алып келерин билдирди.
«Биз, жеке ишкерлер, өзүбүздүн ишибиздин эсебин өзүбүз жүргүзөбүз», - деп белгиледи бизнесмен. — Бизде бухгалтерлер жок, азыр киргизилип жаткан жацылыктарды ишке ашыруу биз учун кыйын. Сатуучулар товарлардын баасын көтөрбөйт. Салыктардын жогорулашы гана баанын өсүшүнө алып келет. Мурда кумшекер 35 сомдон болсо, азыр 90 сомдон сатылып жатат.Буга чейин продукцияга 1-2 сомдон кошуп келсек, азыр ошол эле 1-2 сомдон кошуп жатабыз. Силер кошумча сумманын 0,5% алгыңар келет. Мындай мамиле менен келерки жылы продукция, товарлар дагы кымбаттайт. Бул акыркы колдонуучуга гана таасирин тийгизет. Мурдагыдай патенттик системаны калтырса болобу? Биздин оюбузду уккула.
Өз кезегинде экономика жана каржы министринин орун басары Искендер Асылкулов, ишкер өзгөртүүлөрдүн маңызын туура эмес түшүнгөндүгүн түшүндүрдү.
«8 миллион сомго чейин жүгүртүүсү бар бардык жеке ишкерлер патент менен иштешет», - деп түшүндүрдү чиновник. -Жаңы мыйзам долбоорунда жалпысынан 8 миллион сомго чейин жүгүртүүсү бар ишкерлер бардык салыктардан бошотулсун деп өзгөртүү киргизип жатабыз. Сизге патент алуунун деле кереги жок. Эгерде сиздин товар жүгүртүүңүз 8 миллион сомдон ашса жана патент менен иштесеңиз, анда сизден ККМнын 0,5% алынат. Андыктан өзгөртүүлөр азык-түлүктүн кымбатташына алып келбеши керек.
Ислам Жолдошов
сүрөт www