Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өттү

Депутаттар ишкерлерге жагымдуу климат түзүүнү көздөшүүдө

Жогорку Кеңештин алдында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов мыйзам долбоору ишкердик субъектилери үчүн жагымдуу климатты түзүүгө багытталган чаралар каралганын, ошондой эле таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталганын белгиледи.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Мыйзам долбоорунда контролдук-кассалык машиналарды колдонууда товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин болгон жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотуу сыяктуу ченемдер сунушталууда; кирешелердин көлөмүн чектөөсүз бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү, ошондой эле патенттин ордуна 30,0 млн сомго чейин жүгүртүүдөгү чакан жана орто бизнес үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүү - 0,5 %, 30,0дон 50,0 млн сомго чейин – бир %; ККМди колдонууда туумдардын өлчөмүн азайтуу, ошондой эле аларды 15 күндүн ичинде төлөгөн учурда, туумдардын суммасы 70%га жана бирдиктүү салыктын субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү 1900 сомдон 800 сомго чейин, башкача айтканда патенттегидей.

Мындан тышкары, патенттик системаны оптималдаштыруу максатында соода үчүн патенттердин колдонуу мөөнөтүн 2024-жылдын 1-январына чейин белгилөө сунушталууда. 2022-жылдын 1-январына чейин үлүштүк курулуш келишимдери түзүлгөн учурда айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каттоо жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 0% КНС ставкасын төлөө 2024-жылга чейин узартылат.

Парламенттик угуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжанов, КР Бизнес-акыйкатчысынын орун басары Сергей Пономарев, Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков, Кыргызстандын базарлар, соода жана тейлөө ишканалары ассоциациясынын президенти Дамира Дөөлөталиева, Ассоциациянын өкүлү Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн Манас Белошаров , Кыргызстан банктар союзунун президенти Анвар Абдраев.

Куруучулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев редакциялык оңдоолорду киргизди. Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов ун чыгаруучу ишканаларды колдоо керектигин белгиледи. Жеке ишкер Алмаз Карымбаев сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кичи дүкөндөрдүн ээлеринин ишин кыйындатып, товарлардын баасын жогорулатып жатканын баса белгиледи. 

Нурланбек Азыгалиев чыгармачыл тармак боюнча мыйзам кабыл алынганын эске салып, мыйзам долбоору менен бул мыйзамдын ортосундагы карама-каршылыктарга өзгөчө көңүл бурду.
Парламенттик угуунун катышуучулары банктык сырды сактоодон баш тартуу нормасына, анын ичинде “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына атайын салык режимдерин киргизүү маселесине каршы чыгышты. Депутат Бактыбек Сыдыков салык тармагында системалуу ыкмаларды колдонуу керектигин белгилеп, биринчи кезекте бизнестин кызыкчылыгын эске алуу керектигин кошумчалады. 

ЖК басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх