Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттык комиссия ЕРӨБ каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы боюнча ишти УКМКга өткөрүп берүүнү чечти

Мирлан Самойкожо Эсеп палатасынын, Ички иштер министрлигинин жана прокуратуранын текшерүүлөрү тийиштүү жыйынтык бербегенин белгиледи

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самойкожо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржы ресурстарынын максаттуу пайдаланылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарды.

«Депутаттык комиссия Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 22 миллион евросу Бишкектеги таштанды төгүүчү жай маселесин чечүүгө кандайча жумшалганын иликтеди», - деди Самойкожо. — Бул долбоор 10 жылдан бери ишке ашып келе жатат. Жогорку Кеңеш келишимди 8 жыл мурун ратификациялаган. 5 кылмыш иши козголгон. Полигондун аянты жыл ичинде 30 гектарга көбөйүп, азыр 75 гектар аянтты ээлейт. Полигондон күн сайын жүздөгөн унаалар шаардын көчөлөрүнө зыяндуу заттарды алып чыгышат, анткени унаалардын дөңгөлөктөрү жуулбайт. Көптөгөн жарандарыбыз үчүн таштанды полигону жумуш орду болуп калды. Алар жумуштан кийин коомдук транспорт жана башка социалдык объектилерди пайдаланышат. Полигондон чыккан зыяндуу заттар дээрлик ар бирибизге жетет. Эсеп палатасынын, Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын текшерүүлөрү тийиштүү жыйынтык берген жок. Эгерде алар бул маселелерди чече албаса, анда депутаттык комиссия бир жыйынтыкка келип, ишти тергөө үчүн УКМКга берүү чечимине келген.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх