Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруудагы негизги тобокелдиктер мыйзамдуу
Эксперт жапониялык Muroo Systems Co компаниясы менен биргеликте чакан ГЭСтерди куруунун келечегине баа берди
Кичи Каракол ГЭСинин курулушу Кыргызстандын энергетика тармагына оң таасирин тийгизет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ассоциациясынын төрайымы Элеонора Казакова Vesti.kg сайтына жапон компаниясы Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди курууну көздөп жаткандыгы тууралуу маалыматка комментарий берди.
-Каракол чакан ГЭСинин долбоору биздин өлкөдөгү ушуга окшош объектилердин ичинен эң көп изилденгени, - деп белгиледи маектеш. «Ошентсе да япониялык компания техникалык-экономикалык негиздемени кайра даярдоосу керек болот. Дегеле, кээ бир ЖМКларды окуп жатып, азыр өлкөбүздө 50гө жакын жаңы чакан ГЭСтер курулуп жатат деп ойлошу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө биздин мыйзамдар дагы буга толук даяр эмес. Демек, жапон компаниясы менен жаңы биргелешкен долбоорлордо негизги коркунуч – бул юридикалык тобокелдиктер. Тийиштуу министерстволор тарабынан кылдаттык менен колдоо көрсөтуу зарыл.
Тактоо үчүн КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана жапониялык Muroo Systems Co компаниясынын президенти Чонсин Пан өз ара түшүнүшүү меморандумуна, ошондой эле Каракол чакан ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койду.
Александр Канунников
сүрөт www