Филармонияда Бишкек шаарынын мэринин майрамдык балатысы өтөт
Жаңы жылдык спектаклди 1108 бала көрөт
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 24-декабрда саат 11.00дө Бишкек шаарынын мэринин майрамдык балатысы болуп, балдар үчүн «Жаңы Жылдын Жылдызы» жаңы жылдык спектакли коюлат.
Жаңы жылдык спектакль социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниги жана ар кандай сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 1108 балага көрсөтүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз