Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаратылыш ресурстар министрлиги бишкектик айдоочуларды газдын курамында ашыкча зыяндуу заттары бар унааларды колдонбоого чакырат

Бул борбор калаанын абасынын булганышын азайтат деп күтүлүүдө

13-декабрда Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “Бишкек шаарынын атмосфералык абасын автотранспорт каражаттарынын булгануусунан коргоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын” аткаруу максатында борбор калаанын батыш тарабындагы автотранспорттордун чыккан газдарындагы зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышынын талаптарга ылайык келишин текшерүү боюнча рейд өткөрдү.

Рейддин жыйынтыгында 10 унаа текшерилди. Мүчүлүштүктөрдү өз убагында жоюу үчүн айдоочуларга профилактикалык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Шаардагы абанын булганышын азайтуу жана жаза чараларын болтурбоо максатында Жаратылыш ресурстар министрлиги айдоочуларды пайдаланылган газдардын курамында зыяндуу заттар ашыкча унааларды иштетүүгө жол бербөөгө чакырат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине ылайык - автотранспорт каражаттарын же башка кыймылдуу транспорт каражаттарын же түзүлүштөрдү эксплуатациялоодо, атмосферага булгоочу заттардын белгиленген ченемдерден ашкан курамында жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүчтүн (7500 сом), юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүчтүн (23000 сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы
Жаратылыш ресурстар министерствосунун фотосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх