Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин трибунасынан Садыр Жапаровго кайрылды
Парламентарий Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалгандардын күнөөсүн далилдеген материалдарды жарыялоону же тергөөчүлөрдү жоопко тартууну талап кылууда
Бүгүн депутат Дастан Бекешев парламент трибунасынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
- Мен Кемпир-Абад окуясы боюнча күнөөсүз адамдардын тагдыры боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылгым келет, - деди Бекешев. - Эгерде алардын күнөөсү болсо, анда мамлекеттик каналдар аркылуу айтышсын. Анан эмне үчүн эки айдын ичинде тергөө жүргүзүлбөйт. Күнөөсү жок болсо, анда күнөөсүз адамдарды жөн эле кармап жаткан тергөө органдары, соттор жооп бериши керек. Бул үчүн СИЗО түзүлдүбү? Эгер алар чындап эле төңкөрүш даярдап жатышса, анда бул көзгө көрүнүп, билинип калмак. Бирок биз аны көргөн жокпуз. Жок дегенде үй камагындагы аялдарды бошотуп берүү өтүнүчү менен мамлекет башчыга кайрылам. Менин кайрылуум көңүл сыртында калбайт деп ишенем.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www