Оң рулдуу унаалардын кузовун алмаштырууга тыюу салуу жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт
Мындай тыянакты КР Конституциялык палатасы чыгарды
Конституциялык сот 21-декабрда Даниел Акматов менен Дастан Бекешевдин Транспорттук каражаттарды, орнотмолорду жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 541-пунктунун конституциялуулугун, ошондой эле аларга болгон менчик укугун текшерүү боюнча арызын карады.
Бул пунктта мындай деп жазылган: Кузовду оң рулдуу унаалар менен алмаштырууга тыюу салынат.
Конституциялык сот оң рулдуу унаалардын кузовун алмаштырууга тыюу салуунун белгилениши адамдын өмүрү жана ден соолугу сыяктуу коом үчүн маанилүү болгон ажыратылгыс артыкчылыктарды өзгөчө коргоо боюнча конституциялык жактан бекитилген талап менен шартталганын белгиледи.
Менчик укугу мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ошондой эле тиешелүү жактардан өздөрүнүн мыйзамдуу милдеттерин аткарууну, анын ичинде мүлктүн башка адамдар үчүн коркунучунун жогорулашын эске алуу менен аткарууну талап кылгандыктан, тыюу салуу талашып жаткан ченемде белгиленген чектөөлөр болуп саналбайт жана жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт.
Конституциялык сот
Сүрөт www