­
Тарых музейинде Баткен окуясында курман болгон баатырлардын жаркын элесине арналган иш-чара өттү - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тарых музейинде Баткен окуясында курман болгон баатырлардын жаркын элесине арналган иш-чара өттү

Камчыбек Ташиев белгилегендей, жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт

Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейинде Баткен окуясында мекен үчүн курман болгон баатырлардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Чек ара жаңжалында курман болгон баатырлардын портреттери Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилди.


Иш-чарага статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана курман болгон баатырлардын жакындары катышты.

Ташиев Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбастыгын белгилеп, баатырлардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле өлкө жетекчилиги мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча жигердүү иштерди улантарын баса белгиледи.


УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх