Ош шаарында жаңы бала бакча ачылды
Мекеменин ачылышына парламенттин депутаттары катышты
Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Арек айылында 120 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышты. .
Рыскулова Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан жалпы элди аталган мекеменин ачылышы менен куттуктап, жаңы жылда шаардын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жигердүү улана берерине ишеним билдирди.
Мындан тышкары, №35 Жоро Атабаев атындагы орто мектебине жана Гапар Айтиев атындагы №37 орто мектептерине барды. , анда жаңы жылда КР ЖК депутаттарынын колдоосу менен кошумча жана жаңы окуу корпустарын куруу пландалууда.
Сүрөт www