Жаш шаар тургунунун тилегин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров аткарды
Мэр кызга фломастер топтомун жана таттуу белек берди
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бир күн мурда мэрдин атына кат менен кайрылган жаш шаар тургуну Алия менен муниципалитетте жолугушту.
Абдыкадыров кызды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, фломастер топтомун жана таттуу белекти, ошондой эле президенттин балатысына чакыруу баракчасын тапшырды.
Урматтуу жарандар! Борбор калаанын мэриясы сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, тилектериңиздин аткарылышын каалайт.
Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз