Депутат Өмүрбек Бакиров Камчы Көлбаев менен жолукканын төгүндөдү (видео)
Парламентарийдин айтымында, ал чындап эле «Барс» туристтик комплексине барган, бирок кримавторитетти көргөн эмес
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Камчы Көлбаев менен жолуккан деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу парламентарий парламенттеги кыска тыныгууда журналисттерге билдирди.
«Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн келген жардамчым экөөбүз «Барс» комплексинде болдук», - деди ал. – Негизи мен ал жакка, Ысык-Көлгө жылына бир нече жолу барып турам. Бул коомдук эс алуу зонасы. Ошол жерден кымыз алып, коттедждерди карап кайтышты. Дем алыш күндөрүн ошол жерде үй-бүлө менен өткөрүүнү пландаштырууда. Камчы Көлбаев менен жолугушуу болгон деген маалымат бар болчу. Бул туура эмес. Мен аны ал жактан көргөн жокмун, жолуккан да жокмун. Тескерисинче далилдер болсо, аны менен болгон жолугушуунун видеосун, сүрөтүн чыгарышсын. Мен аны тааныбайм, байланышпайм».
Эске салсак, буга чейин УКМК Өмүрбек Бакиров 25-декабрда Чолпон-Ата шаарындагы «Барс» спорт комплексинде уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев менен жолуккандыгы тууралуу видео тараткан.
Сүрөт www