"Улан мырза, сиз өмүр бою министр болбойсуз. Андыктан мыйзамды бузбагыла..." Кемпир-Абадды коргоо комитети ИИМ жетекчисине кайрылды
Бишкек шаарындагы СИЗО-1ден ИИМге кайрылуу
Кемпир-Абадды коргоо комитети ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды.
Бул жерде кайрылуунун толук тексти.
«Урматтуу Улан Мырза (мырза, ред.),
Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргызстандын ар бир жаранына тынчтык митингдерин өткөрүүгө кепилдик берет.
Мына ушундай укуктан пайдаланган тарапташтарыбыз, туугандарыбыз мыйзамдуулукту талап кылып, Ички иштер министрлигинин имаратына келишти.
Сиздин кызматкерлер Биринчи май райондук сотунун Конституцияга каршы келген аткаруу буйругун аткаруу үчүн чыгарган чечиминин негизинде кечээ биздин тарапташтарыбызды камакка алышты.
Конституциянын нормалары соттун, өзгөчө көз каранды соттун чечиминен жогору экенин эскертебиз. Сиз жана сиздин кызматкерлер мыйзамды бузуп жатасыздар.
2017-жылы Садыр Жапаров бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Анын тарапташтары милиция кызматкерлерине физикалык күч колдонгону менен, ошол кездеги күч органдары аларды камакка алган эмес.
Биздин тарапташтар Жапаровдун тарапкерлеринен айырмаланып, тынч жана маданияттуу митинг өткөрүштү. Алар мыйзамды бузган жок.
Улан мырза сиз омурунуз өткөнгө чейин министр болбойсуз. Ошондуктан мыйзамды, саясий маданиятты, гумандуулук принциптерин бузбагыла.
Аялдардын, карыган энелердин, жаш кыздардын мыйзамсыз камакка алынышы, камалышы эркектиктин белгиси эмес жана мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт.
01/11/2023
СИЗО 1.
Ислам Жолдошов
сүрөт www