Ысык-Көл жолунун татаал тилкелеринде милиция кызматкерлери тарабынан күзөт уюштурулду
Өткөн түнү Ак-Суу районунда бир нече унаа кар басып калган
Аба ырайынын начарлашына жана жолдордун айрым участокторунда кардын пайда болушуна байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан күнү-түнү күзөт уюштурулган.
Милиция кызматкерлери ар кандай көйгөйлүү кырдаалдарды болтурбоо максатында калктуу конуштардын сыртындагы жолдордо пайда болгон кар тыгындары тууралуу айдоочуларга багыт берип, маалымдашууда. Кайгуул-күзөт багыттары боюнча милициянын экипаждары жол кыймылынын оор кырдаалына кабылган жол кыймылынын катышуучуларына каалаган убакта жардам көрсөтүүгө даяр.
Ошентип, 12-январдан 13-январга караган түнү Ак-Суу районунун Пионер жана Жергез айылдарынын ортосундагы жолдо катуу шамалдан улам жолдорду кар басып калган. Натыйжада үчтөн ашык унаа кар алдында калган. Патрулдук милиция кызматкерлери аталган айылдардын жаштары менен биргеликте аларга жардам берип, тыгындан куткарып калышкан.
Учурда Ак-Суу районундагы жолдордун өтүүгө мүмкүн болбогон тилкелерин күнүгө 20 милиция кызматкери күзөтүүдө.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы
Сүрөт www