5 миңден ашуун бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга уруксат берилген. Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Башкармалыктын кызматкерлери экологияга зыян келтирген
Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын облустук башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү.
Жооптуу кызматкерлер кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, 2019-2021-жылдар аралыгында жалпы суммасы 3 миллион 700 миң сомдук 5 миң 785 даана бак-дарактарды кыюуга мыйзамсыз уруксат берип, экологияга зыян келтирип, алардын саны өзүнөн-өзү кыскарып кеткени аныкталган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www