ӨКМ же Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен гана мектептерде каникулдар узартылат же онлайн окууга өткөрүлөт
Социалдык тармактын колдонуучулары сууктан улам билим берүү министрлигинен каникулдарды узартууну суранышты
Депутат Дастан Бекешев социалдык тармактардагы баракчасында Майлуу-Суу шаарындагы мектеп окуучуларынын каникулун узартууну сунуштады. Социалдык тармактардын башка колдонуучулары да суукка байланыштуу билим берүү министрлигинен бардык мектептерде каникулдарды узартууну суранышууда.
Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматына кайрылды.
- Баары өз ордунда болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигинен каникулдарды узартуу керек деген буйрук болсо, анда алар дагы узартылат, деп түшүндүрүштү. - Мисалы, Майлуу-Суудагыдай. Өзгөчө кырдаал болуп, ӨКМдин буйругу бар. Билим берүү министрлигинин буйругу менен гана мектептерди онлайн окутууга узартат же өткөрөт.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www