Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламенттин вице-спикери айрым ведомстволордун мыйзам долбоорлорун өткөрүп жибербөөнү сунуштады

Нурбек Сыдыгалиев айрым мамлекеттик органдарды депутаттар менен эсептешүүгө мезгил жеткенин айтты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айрым ведомстволордун парламентке карата мамилесине нааразы болду.

-Жогорку Кеңешке карата айрым ведомстволордун позициясын толук түшүнбөйм,-деп нааразычылыгын билдирди вице-спикер. Алар муну атайын жасап жатышабы? Бир жолу бир мыйзам долбоорунун чоо-жайын талкуулап, президент менен макулдашканбыз. Биз аны үч окуудан өткөрдүк, андан кийин вето менен бизге кайтарылды. Коопсуздук кеңеши каршы болду имиш. Коргоо министрлиги жана бүтүндөй күч блогу биздин мыйзам долбоорун колдоп, Коопсуздук кеңеши каршы чыкты. Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүн текшерип көрөлү. Алар эмне кылып жатышат? Менде кээ бир бөлүмдөр бизди атаандаш катары көрүшөт деген божомол бар. Анда эсептерди колдон чыгарбайлы. Акырында биз менен эсептешсин.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх