Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев: Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүк жетиштүү

Төраганын орун басарынын айтымында, тармакта 2021-жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 107,3% түздү

«Биринчи радионун» угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүнкү күндө дан азыктарынын, ундун, өсүмдүк майынын, канттын, ошондой эле башка социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн запасы жетиштүү экенин белгиледи.

2022-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 354,6 млрд сомду түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу тармакта реалдуу өсүү темпи 107,3%ды түздү дегенди билдирет.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 4 миллиард 156,2 миллион долларды түзүп, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 36,2%га өстү.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия Федерациясына (71,8%) жана Казакстанга (25,9%) туура келген.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх