Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү төрөт үйүндө эки жумада алты ымыркай чарчап калды

Төрөт үйүнүн директору кызматтан алынды, комиссия териштирүүдө

Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 1-январдан 15-январга чейин жаңы төрөлгөн 6 ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти

Анын айтымында, окуя 11-январда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча оперативдүү маалыматтарды чогултуу учурунда белгилүү болгон. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн чогултуу жана анализдөө бөлүмү жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүн аныктады.

«Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тез арада Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө алдынкы перинатологдордун арасынан комиссия түздү», - деп белгилешти министрликтен. - Медициналык мекеменин төрөт бөлүмүнө келгенде комиссия беш фактыны каттады, перинаталдык өлүмдүн алтынчы учуру 15-январда болгон. Оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда комиссия мүчөлөрү перинаталдык өлүмдүн бардык учурларын талдап жатканын билдирди. Жакынкы арада бул фактылар ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча ыкчам штабда каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Көрсөтүлгөн төрөт үйү дезинфекциялык иш-чаралар үчүн жабык. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суудагы жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлдү. Алар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык аппараттар менен толук камсыздалган.

Бул иштер Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх