Марс Сариев: Кыргызстан өнүгүүнүн ишенимдүү жолунда баратат
Станислав Ежи Лец айткандай, кээ бир адамдар чындыкты көрүү жөндөмүнөн ажырап калышат. Бирок алардын калпына кандай чын ыкластуу дем берет!
Садыр Жапаровдун президент болуп шайланышынын эки жылдыгында саясат таануучу Марс Сариев текстти жазды. Биз аны өзгөртүүсүз жарыялайбыз.
«Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу – ар бир өлкөнүн бийлигинин алдында турган негизги милдет. Бул үчүн эл өзүнүн бакубаттуулугун жогорулатуу, коопсуз жана жайлуу жашоону камсыз кылуу үчүн өз башкаруучуларын шайлашат.
Максат айкын, бирок ага жетүү ыкмалары ар дайым ар башка.
Кыргызстан эли мындан туура эки жыл мурун, 2021-жылдын январында президенттик шайлоодо абсолюттук көпчүлүк менен Садыр Жапаровго добуш берген.
Эки жыл - бул кандайдыр бир убактылуу иш баа берүү мүмкүн болгон мезгил.
Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максатына жетүү процесси көптөгөн сыноолорго дуушар болуп, бир катар шарттарды сактоону талап кылаарын белгилеп кетким келет, алардын ичинен эң негизгиси – коомдук туруктуулук.
Кыргызстандын жетекчилиги учурда мамлекеттин маанилүү тармактарынын абалын жакшыртуу, калктын жыргалчылыгын жогорулатуу жана байкаларлык экономикалык өсүшкө жетишүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда.
Маселен, Борбор Азиядагы эң ири алтын кени Кумтөр толугу менен кыргыз элине кайтарылып, өлкөнүн кирешесине дароо оң таасирин тийгизди.
Кен толугу менен «Кыргызалтын» ААКнын менчигине өткөндөн кийин Кумтөрдөн 2022-жылдын 10 айында салык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө 26,5 млрд сом түшкөн.
Кыргызстанга болгону 5,3 миллиард сом өлчөмүндө дивиденд төлөндү.
Мамлекеттер аралык маанидеги долбоорду - Камбар-Ата ГЭС-1ди курууну ишке ашырууда сезилерлик жылыштарга жетишилди. Кыргызстанда 30 жылдан ашык убакыттан бери келечекте республиканы электр энергиясы менен толук камсыз кылуу тим болбостон, аны чет мамлекеттерге да экспорттой турган гигант ГЭСти курууга мумкунчулук болгон эмес.
Мындан бир нече жыл мурун орусиялык «РусГидро» компаниясы курулушка инвестиция салам деп жаткан, бирок натыйжада кызматташуу чындап башталбай тез эле токтоп, андан соң толугу менен биздин өлкө үчүн миллиондогон долларлык карызга айланды.
Эми долбоорду ишке ашыруу сезилерлик формага ээ болду: январь айынын башында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика ведомстволорунун жетекчилери Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча жол картасына кол коюшту.
Тараптар долбоорду ишке ашыруунун негизги шарттарын макулдашты жана Кыргызстандагы эң ири электр станциясы боло турган, Борбордук Азия өлкөлөрүн электр энергиясы менен камсыз кылып, суу менен камсыздоону турукташтыра турган ГЭСти өз убагында ишке киргизүү боюнча кадамдарды белгилешти.
Камбар-Ата ГЭС-1 курулуп бүтсө, тагыраак айтканда Кыргызстан импортту кескин кыскартуу, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү жана ошону менен элди электр энергиясы менен камсыз кылуу аркылуу энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздай алат.
Айрымдар кошуналар долбоорго катышарынан күмөн санашкан. Мен бул абдан туура чечим деп эсептейм, анткени азыр биз ири долбоорлорду ишке ашырууда реалдуу инвесторлорду кармашыбыз керек. Мейли, бизде суу бар, объектилер бар, негизги көзөмөл бизде, ошондуктан кооптонууга негиз жок деп ойлойм.
Дагы бир перспективдүү долбоор да ишке кирди – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, ал өткөн мезгилдеги атактуу Жибек Жолунун жаңы версиясына айланат.
Темир жол өлкө үчүн жаңы соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Эксперттердин баамында, Кыргызстан транзиттик жүктөн гана жылына 300 миллион долларга жакын киреше таба алат.
Дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият жана социалдык кызматкерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын олуттуу жогорулатуу да Кумтөрдүн аркасында мүмкүн болду.
Өлкөнүн натыйжалуу тышкы саясаты түзүлдү, негизги өнөктөш өлкөлөр менен саясий диалог түзүлдү. Бир кезде бузулган эки тараптуу мамиле түзүлүп, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат.
Өлкө боюнча ар кандай объектилер, жолдор активдүү курулууда. Курулуш индустриясы жаңы дем алды.
Республикалык бюджет эки жыл мурункуга салыштырмалуу эки эсеге өсүп, 400 миллиард сомдон ашты.
Армия болуп көрбөгөндөй чыңдалды, аймактын башка өлкөлөрүндө жок эң заманбап курал-жарактар сатылып алынды. Бүгүнкү күндө биз Кыргызстандын бардык эгемендүүлүгүбүз үчүн толук кандуу согушка даяр куралдуу күчтөрүнө ээ деп айта алабыз.
Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, республикада көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат, бирок, тилекке каршы, польшалык сатирик Станислав Ежи Лек өз оюн таамай айткан адамдар бар: «Кээ бир адамдар чындыкты көрүү белекинен ажырап калышты. Бирок алардын калпына кандай чын ыкластуу дем берет!
Андайлар чындыкты көргүсү, уккусу келбейт, азыркы бийликтин ачык ийгилигин тааныбайт, антпесе алардын Кыргызстан “болбой калган мамлекет” деген иллюзиялары жок болот. Аларга канчалык түшүндүрсөң да, алар каалаганын гана угат.
Кудай буйруса өлкө алдыга ишенимдүү баратат. Кыргызстан ишенимдүү, реалдуу, туруктуу жана өсүп жаткан өнүгүү жолуна түшүп жатат деп айта алабыз.
Ал эми экономиканын прогрессивдүү өнүгүшүнө жетишүү жана өлкөнүн жашоочуларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо зарыл, антпесе бардык жетишкендиктер артка ташталат».
сүрөт www