Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2022-жылы дээрлик 130 миң аз камсыз болгон кыргызстандыктар социалдык колдоо долбоорлоруна катышкан

Жарандар коомдук иштерге ун жана өсүмдүк майын алышты

Өткөн жылы 24,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 130 миңге жакын жаран ар кандай социалдык колдоо долбоорлоруна катышкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы башкармалыктын башчысы Кудайберген Базарбаевдин сөзүнө таянуу менен билдирди.

«Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ишке ашырылган ийгиликтүү модель «Эмгек үчүн продуктулар» долбоору болду. Анын алкагында биз аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коомдук иштерге тартууну сунуштап, ал үчүн ун, өсүмдүк майын беребиз. 2022-жылы 4 тоннадан ашык азык-түлүк таратылган. Жалпысынан республика боюнча 700дөн ашык долбоор ишке ашырылды», - деди министр.

Ал белгилегендей, республиканын айрым шаарларында жашаган калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүүнүн экинчи жигердүү чарасы «жумушка (окутуу) накталай акча» схемасы боюнча колдоо көрсөтүү болуп саналат.

«Мындай 138 долбоорду ишке ашырдык, 33,7 миллион сом акча каражаты 24,3 миң адамга бөлүштүрүлдү», - деп баса белгиледи Базарбаев.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх