Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Футбол академиясынын курулушу менен таанышты

Кабинет башчысы мындай долбоорлор ар бир облуста ишке ашырылышы керектигин белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Аппараттын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Нур» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Нур» ачык акционердик коомунун негизги ишмердүүлүгү Россияда да сатылып жаткан электр приборлорун чыгаруу болуп саналат.

Ишкана жаңы технологияларды, атап айтканда, электромобилдердин тетиктерин чыгарууну өздөштүрүүгө умтулуп жатканы айтылды.

Өкмөт башчы өнөр жай ишканалары облустун гана эмес, бүтүндөй республиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздап жатканын белгилеп, ата мекендик ишканаларды колдоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады.

Андан соң Жалал-Абад шаарындагы Футбол академиясынын курулушу менен таанышты.

Долбоордун алкагында эки футбол аянтчасы, жатакана, кийим алмаштыруучу жайлары бар стенд, машыгуу залы курулат.

Жапаров мындай долбоорлор ар бир облуста ишке ашырылышы керектигин айтып, спорт менен машыгуу өсүп келе жаткан муундун кулк-мүнөзүн калыптандырып, акыл-эсин бекемдеп, ден соолугун чыңдаарын белгиледи.

КРнын Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх