Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөрдүн мурдагы аткаруучу директору СИЗОго камалды

Буга чейин Канат Курмановго издөө жарыяланган

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Курманов издөөдө болгондуктан, ага карата баш коргоо чарасы мурда камакка алынган», - деп белгилейт башкы көзөмөл органы. Эми аны кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн сотко алып барышат.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты «Кумтөрдүн» жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен козголгон кылмыш иши тууралуу жазган. Мамлекетке келтирилген зыян 1 миллиард сомго бааланган.

Бул иш боюнча Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк, камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы директору Рыспек Токтогулов кармалган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх