Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманбек Бакиев: Мен жалгыз эмес экенимди, мени сүйгөн адамдар жанымда экенин сезем

Экс-президент Кыргызстан элине кайрылуу жазды

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кыргызстандын элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды.

«Кымбаттуу досторум, мени күн сайын колдоп, дүйнөнүн булуң-бурчунан чалган кыргызстандыктар, мени социалдык тармактарда колдогондор! – деп мекендештерине кайрылды мурдагы мамлекет башчысы. Эң негизгиси, чын жүрөгүмдөн рахмат айткым келет.

Башымды кара туман каптап, үй-бүлөм менен кошо кайгырып турганда, мени жубатарлык сөздөрдү жазып, колдооңуздарды бериңиздер. Бул биз үчүн ар кандай байлыктан же бийликтен алда канча кымбат. Чет өлкөдө жүргөндө жалгыз эмес экенимди, жанымда мени сүйгөн адамдар бар экенин сезем.

Эске салсак, бир нече күн мурун Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшева каза болгон. Анын сөөгү Кыргызстанга алынып келинип, кичи мекенине коюлган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх