Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте түтүн. Бул маселе боюнча мэрияда жыйын өтүүдө

Шаардын борборуна оор жүк ташуучу унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилиши мүмкүн

Муниципалитеттин имаратында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында илимий чөйрөлөрдүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Борбор калаанын абасынын сапатын жакшыртуу максатында ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү жана экологиялык коопсуздук боюнча чараларды көрүү маселеси талкууланды.

Отканаларды газга өткөрүү, борбор калаанын калктуу конуштарын газдаштырууну кеңейтүү, жеке транспортту көзөмөлдөө жана  жакшыртуу маселеси каралды.

Башкармалыктарга жана шаардык кызматтарга калктын турак жайларын  газга өткөрүү максатында сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары, транспорт маселесине токтолушуп,  жарандар арасында экологиялык нормаларды сактоону,  унаалардын экологиялык стандарттарга, анын ичинде катализаторлорго болгон талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү да каралды. Ошондой эле экологиялык транспорт коридорун жакшыртуу жана оор жүк ташуучу унаалардын шаардын борборуна кирүүсүнө чектөө киргизүү маселеси да козголду.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Болот Абилдаев жетектеген «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда борбор калаанын конуштарын газдаштыруу маселеси талкууланган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх