Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Сулайманов: Азыркы этапта «Газпром» кыргыз элинин душманы

Жогорку Кеңештин депутаты компанияны кыргызстандыктардын үйлөрүндө газ жок деп айыптады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов түтүн маселеси боюнча «Газпромду» айыптады. Vesti.kgнин кабарчысы оюн кеңейтүү өтүнүчү менен парламентарийге кайрылды.

«Бишкектеги түтүн көйгөйүнүн себептеринин бири жеке сектордогу үйлөрдү көмүр менен жылытуу болуп саналат», - деп түшүндүрдү Сулайманов. - “Газпромдун” өкүлдөрү Кыргызстандын аймагын газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалымат берип жатышат. Анын үстүнө газ түтүгүнө кошулбаганы үчүн дагы элди күнөөлөшүүдө. Чынында, баары андай эмес. Жок дегенде азыр газ ишканасынын өкүлдөрүнө калк газ түтүгүнө кошулган аймактарды көрсөтө алам. Үйлөргө газ киргизишет, түтүктөрдө газ жок. Мындай сөздөрдү айткандан уялыш керек. Смог баарыбызды өлтүрүп жатат. Мына ушуга байланыштуу айта кетейин, азыркы этапта «Газпром» кыргыз элинин душманы.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх