Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча пландарга токтолду

Тактап айтканда, Ысык-Ата жана Кара-Суу райондорунда эки заманбап дүң айыл чарба базарынын курулушу башталат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча пландарга токтолду.
Ал белгилегендей, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун республиканын бардык аймактарында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

«Аймактык деңгээлде кластерлерди түзүүнүн моделдери киргизилет. Аймактардагы ишкерлерди колдоо системасын түзүүнүн алкагында “40 район – 40 демилге” долбоорунун алкагында инновациялык долбоорлорду тандоо башталат. Туристтик кластерлер ишке киргизилет. Ысык-Ата жана Кара-Суу райондорунда эки заманбап дүң айыл чарба базарынын курулушу башталат, ошондой эле 7 оорукана, 100 мектеп, 10 бала бакча курулат. Социалдык контракттын негизинде аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон социалдык жардам берилет», - деп баса белгиледи Жапаров.

Ал ошондой эле өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн пландары жөнүндө айтты.
«Мындан тышкары Балыкчы-Кочкор темир жолунун 10 чакырымы курулуп, 30 миң тоннадан ашык битум жана 300 даана жол куруучу техникалар сатылып алынат, 400 чакырымдан ашык жол асфальтталат. Бишкек шаарынын мэриясы газ менен жүрүүчү 120 автобус, кошумча газ менен жүрүүчү 250 автобус жана эл аралык институттар аркылуу 120 электр автобустары сатылып алынган. Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат. «Жунда» заводунда К-4 жана К-5 стандарттарына жооп берген мунай иштетүүгө шарттар түзүлүүдө. Чакан ГЭСтер ишке киргизилет», - деген Акылбек Жапаров 50дөн ашык айыл, 3 шаар дагы ичүүчү таза суу менен камсыз болоорун кошумчалады.
Кабинет башчысы ирригациялык системаларды өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, мындан тышкары ирригациялык иштерди жүргүзүү үчүн 104 даана атайын техника сатып алууга 1 миллиард сом бөлүнөрүн белгиледи.
«Эң ири долбоорлордун бири Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу башталып жатат. Биз өнүгүү жолуна түшкөндүктөн, келечекте мындан да чоң долбоорлор болот», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, Региондорду комплекстүү өнүктүрүү планы төмөнкү документтерди иштеп чыгууну камтыйт:
• 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы;
• Жергиликтүү демилгелерди колдоо программалары;
• 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программалары.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар министрликтердин жетекчилеринин жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн отчеттору угулду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх